8-июлда республиканын Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, калган облустарда айрым жерлерде түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, айрым жерлерде 14 метрге жетет. Ал эми өлкө боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:
Чүй облусунда күндүз +26...+31°C, түнкүсүн +12...+17°C
Талас облусунда күндүз +23...+28°C, түнкүсүн +7...+12°C
Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүз +27...+32°C, түнкүсүн +14...+19°C
Баткен облусунда күндүз +26...+31°C, түнкүсүн +10...+15°C
Ысык-Көл облусунда күндүз +18...+23°C, түнкүсүн +10...+15°C
Нарын облусунда күндүз +22...+27°C, түнкүсүн +7...+12°C
Бишкек шаарында күндүз +28...+30°C, түнкүсүн +14...+16°C
Борбор калаада түнкүсүн жамгыр жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.