Бүгүн, 8-июлдан тартып Кыргызстан боюнча жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу башталды. Мындай маалыматты Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. 8-10-июль күндөрү 1-тур, 15-июлдан 20-июлга чейин 2-тур өтөт. Бул күндөрдүн ичинде жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан абитуриенттер жыйынтык талондорун окуу жайларга салат. Абитуриенттер билим алуунун кандай гана түрүнө тапшырбасын (мисалы, аралыктан окуу, түнкү, келишимдик негизде, акысыз окуу) окуу жайларга тесттин негизинде гана кабыл алынат. Акысыз билим алуу үчүн эң аз балл 110 болсо, келишимдик негиздеги билим алуу үчүн 105 балл топтогондор гана талонун таштай алат. Ал эми кошумча сабактардан алынган эң аз балл 60 болуш керек.