Cирия: Оппозиция Орозо айында согушууну убактылуу токтотуп турууну сунуштады
Сириялык оппозиция өлкө президенти Башар Асадга Орозо айына байланыштуу Хомс шаарындагы согуштук аракеттерди убактылуу токтотуп турууну сунуштады. Reuters агенттиги билдиргендей, бул сунушту 7-июлда Сириядагы оппозициялык жана революциялык күчтөрдүн Улуттук коалициясынын башчысы Ахмад Жабра айтты. Ал ошондой эле жакынкы аралыкта оппозиция Сауд Арабиясынан заманбап үлгүдөгү курал-жарак ала турганын кошумчалады. Бул куралдануу өкмөттүк аскерлер менен салгылашуунун ийгиликтүү аякташына шарт түзөт деп эсептейт жана Жабра оппозиция АКШ менен Орусия уюштуруп жаткан Женевада өтүүчү тынчтык конференциясына катышпай турганын билдирди. Айта кетсек, Сирия президентинин тарапташтары менен каршылаштарынын ортосундагы жаңжал 2011-жылдын март айынан бери уланып келет.