Бүгүн, 10-октябрда эстрада ырчысы Айгерим Расул кызы 27 жашка толду. SUPER.KG порталы ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкты.
"Туулган күнүмдү үйдө жакындарымдын, кайын журтумдун курчоосунда белгилейм. Анткени ай күнүм жетип калганына байланыштуу бир аз оорлошуп калгандыктан үйдө эле өткөрүүнү чечтик. Маанайым абдан сонун. Жолдошум белегин бере элек, күтүп жатам (күлүп)" дейт Айгерим Расул кызы.
"Супер-Инфо" гезитине берген маегинен үзүндүлөр:
- "Инстаграмдагы баракчама чыгармачылыгыма байланыштуу гана видеолорду, сүрөттөрдү жүктөйм. Жеке жашоомдогу көрүнүштөрдү элге жарыялагым келбейт. Күн сайын ар бир кадамымды сүрөткө тартып, социалдык тармактагы баракчама киргизүү мен үчүн ыңгайсыз. Реалдуу жашоодо жашабай эле интернет үчүн жашагандай болуп каласың. Мен тажаткандардын катарына кирбейм. Тажаткандар башкалар".
- "Мен жөнүндө ушактарга жолдошум көнүп бүттү, азыр андайларга такыр көңүл бурбайт. Азамат экөөбүз үйлөнө электе эле мен тууралуу айтылган ушак-кептерди изилдеп чыккан экен. Баары куру сөз, жалган жалаа экенин ошондо эле билген. Ал өзү да орган кызматкери болгондуктан психолог болуп калган. Үйлөнгөнгө чейин экөөбүз 2 жылдай кыз-жигит болуп жүргөнбүз, ошол убакта сынап, байкаштырып, мени 5 колундай билип, анан үйлөнгөн да".
"Бойдок кезимде мени кимдерге гана турмушка чыгарып жабыштырышкан жок. Күйөөгө чыгып ушундай ушактардан кутулам го десем, жок, эми ажырашты деп чыгышыптыр. Таң калычтуу, айрымдарга бойдок болсоң да, бойдок эмес болсоң да жакпайсың. Интернетте менин тагдырымды ошондой болуп калса экен деп талкуулагандар көп экен. Бирок мен жолдошум менен ынтымакта, бактылуу эле жашап жатам".
Учурда үй-бүлөлүү, жолдошу Азамат экөө Ханбийке аттуу кызды тарбиялап, экинчи наристесин күтүп жаткан кези.
Айгерим Расул кызы 1991-жылы 10-октябрда Бишкек шаарында туулган. 2009-жылы мектепти аяктап, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтуна тапшырган. 3 жашынан баштап атасы Расул Маматкулов менен бирге чоң сахнага бийлеп чыга баштап, кийин жеке ырчы катары "Түнкү Бишкек" аттуу ыры менен элге таанылган.