Түркия: Стамбулдагы баш аламандыкта 13 журналист жаракат алды
Ишемби күнү Стамбулдун Таксим аянтындагы демонстранттардын ызы-чуусунан 13 журналист жаракат алды. Анын ичинде чакан басылмалардын журналисттери, белгилүү гезиттердин фотокабарчылары, телеоператорлор бар. Жергиликтүү ММКлар жарыялагандай, бул баш алмандыкка айыпталып 80 жаран кармалды. Айта кетсек, митингди жана толкундоолорду чагылдыруу үчүн көпчүлүк журналисттер газдан коргоочу баш кийим кийип жүрүүдө. Бул кырдаал полиция кызматкерлери топтолгондорго көздөн жаш агызуучу жана башка каражаттарды колдонгон учурда жаралууда. Стамбулдун Кадыкей районунда бул күнү 10 миңдей адам катышкан митинг өттү.