Жогорку Сот "ата журтчу" 3 депутат боюнча соттук отурумдун качан өтөрү так белгилене электигин билдирди

Депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов боюнча кылмыш ишин кароо мөөнөтү болжолдуу түрдө 16-июлга дайындалган, бирок ишти кароонун так күнү аныктала элек. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы 8-июлда билдирди. Маалыматка ылайык, “ата журтчу” депутаттар боюнча соттук отурум Жогорку Сотко келип түшкөн башка кылмыш ишинин кезеги боюнча каралмакчы. Кылмыш ишинин карала турган мөөнөтү белгилүү болгондо коомчулукка маалымдала турганын билдирет Жогорку Сот.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан