Малайзия: Фаст-фуд жеп семирип кеткен маймылды диетага отургузушту
Малайзиялык жаратылышты коргоочулар фаст-фуд менен тамактанып семирип кеткен Жеки аттуу ургаачы орангутанды диетага отургузуу чечимин кабыл алышты. Жергиликтүү ММКлар жарыялагандай, аталган маймылды 20 жылдан бери туристтер фаст-фуд менен багып келишкен. Учурда маймылдын салмагы 100 килограммды түзөт. Маймыл ашыкча салмактан арылуу үчүн эми жалаң мөмө-жемиш жемей болду. Экологдордун маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө жапайы шартта жашаган 50-60 миңдей гана орангутан калды. Мунун 80 пайызы Индонезияда, калганы Малайзияны мекендешет. Маймылдын аталган түрүнүн кенен жайылышына алар жашаган токойлордун кагаз жана пальма майын алуу үчүн кескин суюлуп жаткандыгы себеп экендигин айтышат адистер.