Президент Алмазбек Атамбаев “КРнын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө” жана "КРнын айрым жергиликтүү сотторунун судьялары жөнүндө” жарлыгына кол койду. Жарлыктарга ылайык, жергиликтүү соттордун төмөнкү судьяларынын ыйгарым укуктары алар ээлеген кызмат орундар КРнын Конституциясына ылайык ээлегенге чейин узартылды:
Мадамин Азимжанов Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык сотунун судьясы - 2013-жылдын 6-июлунан баштап,
Таалайбек Даркимбаев Ысык-Көл облусунун райондор аралык сотунун судьясы - 2013-жылдын 6-июлунан баштап
Эмил Аксамаев Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы - 2013-жылдын 14-июлунан баштап.
Жарлыктар кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.