Бүгүн, 8-июлда президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды ыйык Орозо айынын башталышы менен куттуктады. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, куттуктоодо мындай деп айтылат:
“Урматтуу мекендештер! Урматтуу Кыргызстандын мусулмандары!
Ыйык Орозо айын дүйнө мусулмандары жакшы тилек, чоң үмүт менен күтүшөт. Орозо айы - тазалануунун, ынтымактын, кечиримдүүлүктүн жана кайрымдуулуктун айы.
Орозодо адамдар тынчтык жана бейпилдик, ден соолук жана бакубаттык тилеп Жаратканга кайрылышат. Тилегиңер ишке ашып, орозоңор кабыл болсун. Сиздерди ыйык Орозонун башталышы менен чын жүрөктөн куттуктайм!”.