Замирбек Малабеков Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан бошотулду
Замирбек Малабеков Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан бошотулду. Аталган мекемеден билдиришкендей, Малабеков кызматтан өз каалоосу менен кетүү тууралуу арыз жазган. Эске салсак, апрель айында аталган мамкызматкерге өкмөт башчы тарабынан сөгүш жарыяланган. Ишмердүүлүгүнө байланыштуу сын уккан ал кызматтан кетүү боюнча арыз жазууга даяр экендигин билдирип, "мыйзам деген мыйзам, мен актанбайм” деген болчу.