"РусГидро" кыргыз тараптан 37 миллион доллар өндүрүү үчүн Гаага сотуна берди

"РусГидро" компаниясы Жогорку Нарын ГЭС каскады боюнча Кыргыз өкмөтүн Гаага сотуна берди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Улуттук энергохолдинг ишканасынын башчысы Азамат Абдыкадыров билдирди.

"РусГидро" расмий түрдө Гаагадагы сотко бергенин маалымдады. Гаага сотунун иш процесси деле тез ишке аша койбой турган процесс. Менин оюмча, алар кызматташууга дагы деле чакырып, "чечилчү маселени чечели" деп жаткандай. Алдыда дагы кенен маалымат беребиз", - деди Абдыкадыров.

2012-жылы кол коюлган Орусия жана Кыргыз өлкөсүнүн өкмөттөр аралык макулдашуусуна ылайык, Жогорку Нарын ГЭСтеринин каскады тең үлүштө курулуп жана пайдаланууга берилмек. 2014-жылы курулуш иштери башталып, 2015-жылы каржылануу жагы кечиктирилип жатканына байланыштуу макулдашуу боюнча маселелер көбөйө баштаган. 2015-жылдын аягында ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев Орусия аталган долбоорду ишке ашыра албай турганын айткан.

2017-жылы 10-июлда өлкөгө ГЭСтерди куруу боюнча Кыргыз өкмөтү менен "Liglass" чех компаниясынын ортосунда келишимге кол коюлган. Чех компаниясы 30 банктык күн ичинде Кыргыз тараптын орусиялык "РусГидро" ишканасына болгон 37 миллион доллар карызын төлөп бериши керек эле. Бирок чехиялык компания бул сумманы өз убагында төлөп бере алган эмес. 2017-жылы 18-сентябрда өкмөттүн кеңешмесинде ал кездеги премьер-министр Сапар Исаков чехиялык "Liglass" компаниясы менен келишимди бир тараптуу жокко чыгаруу чечимин кабыл алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
ekaterinburg
2018-10-12 18:30:39
Келишимди узсо кайра эле озубуз куноолуу экенбиз да.Логикалык жактан алып караганда.Туууй...
+3
Natun
2018-10-12 18:41:11
Бул акчаларды Атамбаевден өндүрүү керек
+2
adi_ko.kg
2018-10-12 18:52:22
Кыргызстан качан карыздан кутулат өзү
+3
titanik32
2018-10-12 20:00:49
Биздин өкмөт албетте соттон жеңилип,37 млн $төлөп калашы мүмкүн.Бул иштин башында Атамбайып бар, ошону тезирээк кол тийбестигин алып,Кыргызстанды олчойгон карызга батырганы үчүн сурак берип түрмөгө камаш керек.Андан башка канча дагы былык коррупциялык иштери жатат.
+1
Jelezo
2018-10-12 21:13:54
37 млн.кеттиби же 27 би курулган курулушту биздикилер кабыл алдыңбы? Териштирүү керек да
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан