Мукай Кадыркулов Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды
Мукай Кадыркулов Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын экинчи орун басары болуп дайындалды. Айта кетсек, Кадыркулов 18-февралда аталган мекеменин Бажы иштерин уюштуруу башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалган болчу. Ага чейин Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын кеңешчиси болуп иштеген.