Президент Алмазбек Атамбаев “Бишкекте 2013-жылдын 8-февралында кол коюлган Кыргызстан менен Европа өнүктүрүү банкынын ортосундагы Ош-Исфана унаа жолун калыбына келтирүү – жол секторун реформалоо жана кайра түзүмдөө боюнча долбоор: № С24736/ЕВSF-2010-02-12 грантын берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 20-июнда кабыл алынган. Ага ылайык, КРнын Каржы министрлиги белгиленген тартипте жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө Европа өнүктүрүү банкына кабарлоого милдеттүү. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.