Сноуден Орусиянын аймагынан чыгып кетпесе, Барак Обама Петербургда өтүүчү саммитке келбейт

Америкалык атайын кызматтын мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден Орусиянын аймагынан чыгып кетпесе, АКШнын президенти Барак Обама Петербургда өтүүчү G20 саммитине катышуудан баш тартып, Москвага болгон иш сапарын жокко чыгарышы мүмкүн. Орусиялык басылмалар АКШ Мамлекеттик департаментине шилтеме берип жарыялагандай, бул маалымат дипломатиялык жол менен Орусия бийлигине жетти. Обаманын ордуна сентябрда өтүүчү аталган саммитке АКШнын вице-президенти Жо Байден катышмакчы. Бирок орус ажосу Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков мындай маалымат тууралуу Кремлдин кабары жок экендигин билдирди. Айта кетсек, Эдвард Сноуден АКШнын европалык аткаменерлердин үстүнөн тыңшоо уюштуруп жатканын жарыялап, АКШ бийлиги мамлекеттик менчикке кол салуу жана жашыруун маалыматтарды таратуу беренеси боюнча ага кылмыш ишин козгогон. Сноуден бир нече апта Гонконгдо жашырынып жүрүп, учурда Орусиянын аймагында баш калкалоодо. 

 

  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан