Түп районунда улгайган аялды зордуктоого аракеттенген жаранды сабап өлтүргөнгө шектүү адам 2 айга камалды

Ысык-Көл облусунун Түп районунда улгайган аялды зордуктоого аракеттенген жаранды сабап өлтүрүүгө шектелген адам 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.

"Катуу ур-токмокко алынып ооруканада каза болгон 30 жаштагы адамдын өлүмүнө шектелип кармалган айылдашы Түп райондук соттун чечими менен 2 айга камакка алынды", - деп маалымдашты милициядан.

Белгилүү болгондой, кылмышка шектүү катары кармалган жаран менен каза болгон адам айылдаш жана классташ болушкан. Кылмышка шектүүгө карата 104-берене (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон болчу.

Эске салсак, окуя 8-октябрда саат 19:00 чамасында болгон. Анда 30 жаштагы адам мас абалында таанышынын үйүнө кирип барып, анын 78 жаштагы апасын зордуктоого аракеттенген. Апасынын кыйкырганын угуп чуркап кирген баласы мас классташын сыртка сүйрөп чыгып катуу сабаган. Экөөнү ажыратуу үчүн бир нече адам арачы түшкөн. Кийин сабалган киши өзүнө келе албай, ооруканада каза болуп калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Baku88
2018-10-16 16:51:03
Баланы 2 айга камакка алган соттун башына ушундай иш тушкондон кудай сактасын туура чечим чыгарат деп ишенем ким эле болбосун олтурмок
+1
urmat94
2018-10-16 20:45:21
Эгер сот бир нече жылга кесип жиберсе сотту да олтуруп кирип кетиш керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан