Ысык-Көл облусунун Түп районунда 78 жаштагы апасын зордуктоого аракеттенген таанышын сабап өлтүрүүгө шектелген адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 8-октябрда саат 19:00 чамасында болгон. Анда 30 жаштагы адам мас абалында таанышынын үйүнө кирип барып, анын 78 жаштагы апасын зордуктоого аракеттенген. Апасынын кыйкырганын угуп чуркап кирген баласы мас адамды сыртка сүйрөп чыгып катуу сабаган. Айыпталуучунун кошуналары милиция кызматкерлерин чакырып, арачы түшүп, сабалган адам ооруканага жеткирилген.
"Оор жаракат алган адам өзүнө келе албай, ооруканадан каза болуп калды. Аны сабаган киши да милицияга жеткирилип, суракка алынган. Учурда бул окуя боюнча зордуктоого аракет кылуу фактысы катталып, ошондой эле 104-берене (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.