Бүгүн, 8-июлда президент Алмазбек Атамбаев транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султановду кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандагы унаа жолдорун куруу жана оңдоп-түзөө курулуш иштеринин жүрүшү талкууланды. Негизинен өлкөдөгү маанилүү болгон Ош-Баткен-Исфана, Бишкек-Торугарт жана Түп-Кеген унаа жолдорунун курулуш маселелери каралды. Министр өлкө башчыга “Ош-Баткен-Исфана” унаа жолунун долбоору боюнча жакынкы күндөрү унаа жолдун “Баткен-Исфана” аймагында курулуш иштери башталарын маалымдады. Ал ошондой эле түндүк менен түштүктү бириктирген альтернативдүү унаа жолунун курулушуна даярдыктар жүрүп жатканын кошумчалады.