Бүгүн, 17-октябрь күнү Бишкектин Элебесов жана Күрөңкеев көчөлөрүнүн кесилишинде жол чырак иштебей калып, айдоочулар бири-бирине жол бербей, анын кесепетинен тыгын жаралды. Бул нерсе жөө жүргүнчүлөрдү ыңгайсыздыкка алып келди.
Түнү менен жааган кардын жана абанын температурасынын төмөндөшүнөн улам Бишкек шаарынын бир катар көчөлөрүндө жол чырактар иштебей калган. Жумушка, окууга шашкан шаар тургундары үчүн бир катар ыңгайсыздыктарды жаратууда.
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына караштуу Курулуш-монтаждоо эксплуатация башкармалыгынан бүгүн бир катар кызматтардан борбордук көчөлөрдө 3 жол чырак иштебей калганын билдиришкенин маалымдады.
"Жол чырактар негизи электр зымдарына ток келбей калган учурда иштебей калат. Ал тууралуу биздин башкармалыкка билдирүү түшсө, кызматкерлер барып аны оңдоп кайтышат. Учурда оңдоо иштери жүрүүдө", - деп билдиришти башкармалыктан.