Мамлекеттик ишмер Накен Касиев Ош облусуна иш сапары менен барат

Өкмөткө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана улуттар аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Накен Касиев 9-10-июль күндөрү иш сапары менен Ош облусунда болот. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматы билдирди. Иш сапарынын алкагында облуста аталган агенттиктин коомдук кабылдамалары ачылып, ошондой эле Накен Касиев жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуп, улуттар аралык мамилелерди чыңдоо тууралуу пикир алышмакчы.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан