Путин: "Египет жарандык согушту көздөй бара жатат"

Орусиянын президенти Владимир Путин Египет жарандык согуштун оозунда турат деп эсептейт. Аталган өлкөдө массалык баш аламандыктар тынбай уланып жаткан учур. Каза болгондор ондоп саналууда. 

"Сирия жарандык согуштун кучагында калды. Канчалык өкүнүчтүү болбосун, Египет да ошол багытта баратат. Египеттиктердин бул окуяларга катышпасын каалайт элем",- деди орус ажосу. Айта кетсек, өткөн аптада өлкө президенти Мухаммед Мурси отставкага кетип, анын каршылаштары мөөнөтсүз президенттик шайлоо жарыялана турганын жар салышкан. Каирдеги баш аламандыкта жалпы 40тан ашык адам өлгөнү кабарланууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан