Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 8-июлда жалпы кыргызстандык мусулмандарды Орозо айы менен куттуктады. Куттуктоодо мындай деп жазылат.
"Урматтуу мекендештер! Момун мусулмандар!
Жогорку Кеңештин жалпы депутаттарынын атынан баарыңыздарды улуу Орозо айынын башталышы менен чын дилимден куттуктайм. Ыйык Орозо айы – ниеттерибизди тазалоонун, ыйманыбызды бекемдөөнүн мезгили. Бул айда ынтымак менен ырашкерликке, кайрымдуулук менен күйүмдүүлүккө умтулуу, жасаган ишин жалаң жакшылыкка багыштоо парз болуп саналат.
Мен дагы ушул ыйык учурда Кыргызстан калкынын ар бүлөсүнө бакубат турмуш каалайм, коомубузда өз ара түшүнүүчүлүк, өлкөбүздө тынччылык өкүм сүрүшүн тилейм. Бири-бирибизге кайрымдуу, жакындарыбызга күйүмдүү журт бололу. Жараткан элибизди ынтымак менен ырашкерликтен айырбасын. Орозоңуздар кабыл болуп, жалаң жакшылык жылоолосун!"