Ысык-Көл облусундагы унаа жолдорун оңдоп-түзөөгө быйыл республикалык бюджеттен 84 миллион 400 миң сом бөлүнгөн. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдирди. Аталган сумманын 68 миллион 260 миң сому асфальт–бетон жумуштарына, ал эми 16 миллион 110 миң сому шагыл жолдорду оңдоого бөлүнгөн. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Жети-Өгүз, Кой-Сары жолдорунун 2 чакырымына асфальт төшөлүп бүтүп, дагы 4 чакырым жолго асфальт төшөө жумуштары аткарылууда. Эске салсак, бул жылы 14,6 чакырым жолго асфальт төшөө пландалууда. Ал эми 20 чакырым жолго шагыл төгүп, түздөө болжолдонуп, анын 5 чакырымы бүткөрүлдү.