Бүгүн түштүк кореялык актриса Ким Жи Вон 26 жашка чыкты. Ал өзүнүн "Мураскерлер" (2013), "Күндүн мураскерлери" (2016) жана "Тандоом үчүн күрөш" (2017) сериалдарындагы жараткан образдары менен таанымал болгон.
Өмүр таржымалы
Туулган жылы - 1992-жыл, 19-октябрь
Туулган жери - Түштүк Корея, Сеул шаары
Бою - 1,64 метр
Тартылган тасмалары - "Катуу сокку" сериалынын 3-сезону, "Эмне болду?", "Мураскерлер", "Жакшы күн", "Күндүн мураскерлери", "Тандоом үчүн күрөш", "Детектив К: Кан соргучтун жашыруун сыры" жана башкалар.
2008-2012: Карьерасынын башталышы
Ким тасма талаасына 2008-жылы келгенине карабастан, ал маанилүү ролду "Катуу сокку" комедиялык сериалынын 3-сезонунда 2011-жылы гана алган. Ушундан тарта ага "Эмне болду?" аттуу музыкалык драмага жана "Романтикалуу асман" тасмасына тартылууга сунуш түшкөн.
2013-2016: Атактуулуктун келиши
Ким 2013-жылы "Мураскерлер" тасмасында менменсинген мураскердин, тагыраагы "стерва" кыздын образын жараткан. Тасманын атактуулугу актрисаны да болуп көрбөгөндөй таанымал кыла алган. Аталган тасмадагы ролу менен Ким сыйлыктарга да татыган.
2014-жылы өзүнүн актёрдук чеберчилигин криминалдык "Гап-дон" триллерине тартылуу менен сынап көргөн. Декабрь айында түштүк кореялык "King Kong Entertainment" актёрдук агенттиги менен келишим түзүп "Жакшы күн" сериалына тартылган. 2016-жылы кореялык режиссёр Ли Юн-боктун "Күндүн мураскерлери" тасмасында аскердик хирургдун ролун жаратып көрүүчүлөрүнүн жүрөгүнөн орун ала алган.
2017-жылы Ким "Тандоом үчүн күрөштө" актёр Пак Со Жун менен чогуу башкы каармандын образын жараткан. Аталган сериалдагы ролду тандоодо актриса атайын эле күчтүү образдан качып, күнүмдүк жашоодогу карапайым кызды ойногусу келгенин айткан.
2018-жылы актрисанын "Детектив К: Кан соргучтун жашыруун сыры" аттуу детективде роль жаратканы белгилүү болуп, көрөрмандары тарабынан жаңы бурулуш катары бааланды.
Учурда Жи Вон 2019-жылы чыгуучу "Асадал шаарынын хроникасы" аталышындагы сериалда башкы ролду жаратып жаткандыгы белгилүү болду. Кызыктуусу, аталган эле долбоордо актёр Сон Жун Ки да башкы каармандардын бири.
Ким Жи Вон актрисалыктан тышкары модель катары корей кыздарынын жүзүн дүйнө элине таанытып келет.
Жеке жашоосу
2012-жылдан тарта кесиптеши Ю Ён Сок менен жакын мамиледе делгени менен түгөйлөр кыз-жигит экендигин ачыкка чыгара элек.
19-октябрга карата жылнаама.