Москвадагы мекендештерибиз Орусиядагы мигранттарга социалдык пенсия берүү программасын токтотуу боюнча депутаттарга кайрылуу жолдоду

Москвада иштеген мекендештерибиз Орусиядагы эмгек мигранттарына социалдык пенсия берүү боюнча өкмөттүн программасын токтотуу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жиберди. Бул тууралуу “Замандаш” ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди.  “Өкмөттүн токтому менен кыргызстандыктар Орусияга кирерде 9 миң сомго жеке компанияларга пенсия картасын жасатуусу керек экен. Бул компаниялар 5-10 жылдан соң качып кетиши толук ыктымал. Өкмөт мигранттарды каржылык баш айлантмага катышууга мажбурлоодо. Мамлекет өз милдеттерин жеке компанияларсыз аткара албайбы?”- деп жазылган кайрылууда.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан