ЖЫЛНААМА, 22-ОКТЯБРЬ: Ырдап жатканда үстүндөгү кийимин чечип салмай адаты бар атактуу K-POP тобу "iKON`дун" лидери Ким Хан-бин 22 жашка толду

Бүгүн атактуу корей K-POP тобу саналган iKON`дун лидери, ырчы, продюсер, композитор, ырлардын автору, рэпер, бийчи Ким Хан-бин 22 жашка толду.

Хан-бин сахнада ВI ("be i" - "көздөгөнүнө жетет") каймана атын алып жүрөт. Ал көпчүлүккө "Кара санатай" ("Born Hater"), "iKON" тобу менен "Мени күт" ("Wait for me"), "Everything", "Унутпа" ("Don't forget"), "Сен үчүн гана" ("Just for you"), "Эркиндик" ("Freedom"), "Эмне болду?" ("What's wrong?"), "Мыкты дос" ("Best friend"), "Татына" ("Beautiful") жана башка ырлары менен белгилүү.

  • Музыкалык тобу: "iKON"
  • Туулган жылы: 22-октябрь, 1996-жыл
  • Туулган жери: Чонан, Түштүк Корея
  • Топтогу позициясы: лидер, рэпер, ырлардын автору, хореограф
  • Бою: 178 сантиметр
  • Үй-бүлөсү: ата-энеси, карындашы Ханбёль
  • Хоббиси: сейилдөө, битбокс, лирика жазуу, тасма көрүү, карта ойноо, гүл өстүрүү.
  • Күчтүү жагы: Бой көтөрбөйт
  • Алсыз жагы: Кишиге ишенбейт
  • Келечекке койгон максаты: Легендарлуу адам болуу
Карьерасы
Хан-биндин сахнага болгон алгачкы кадамы 13 жашында белгилүү ырчы MC Mong менен "Indian boy" аталышындагы ырды ырдоо менен ташталган. 2011-жылдан бери "YG Entertainment" агенттиги менен ишмердигин улантып келүүдө.
Кызыктуу фактылар
  1. "Winner" тобунун дебютуна "Боштук" ("Empty") ырын жазып берген.
  2. Күйөрмандарынын суроосу боюнча "Мени күт" ("Wait For Me") ырын жазган.
  3. Psy, Ян Хён Сок, G-dragon, Минзи, Табло жана башкалар ВI`ды продюсер жана репер катары таанышат.
  4. Карындашы Ханбёль ырчыдан 15 жашка кичүү.
  5. ВI тартынчаак, бирок тамашакөй.
  6. "Team B" жана "iKON" топторунун бардык ырларынын автору.
  7. Ырдап жатканда үстүндөгү кийимин чечип салмай адаты бар.
"iKON" тобу 2015-жылы түзүлгөнүнө карабастан 50гө жакын күйөрмандарынын жүрөгүнөн түнөк тапкан чыгармаларды жаратууга жетишип, өспүрүмдөрдүн идеалына айлана алган.
2018-жылы ВI өзү лидерлик кылган "iKON" тобу менен биргеликте "Killing Me", "Love Scenario", "Goodbye Road" сыяктуу ырларын угармандарына тартуулады.
22-октябрга карата жылнаама.
IKON - "KILLING ME" (2018)
IKON - "LOVE SCENARIO" (2018)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан