ЖЫЛНААМА, 30-ОКТЯБРЬ: Тартылган тасмасы да, сериалы да акча жаадырган корей актрисасы Жон Жи Хён 37 жашка толду

"Адепсиз кыз" тасмасы аркылуу атактуулукту багынткан корей актрисасы Жон Жи Хён 1981-жылы 30-октябрда Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарында төрөлгөн. 2001-жылы чыккан аталган комедиялык фильм Түштүк Кореяда гана эмес, Азиянын бир катар өлкөлөрүндө да хит болгон. Бүгүн туулган күнүн белгилеп жаткан атактуу карьерасын 16 жашында фотомодель катары баштаган. 1999-жылы Samsung компаниясынын жарнамалык түрмөгүнө тартылуу менен корей өспүрүмдөрүнүн кумирине айланган.

Атактуулук алып келген “Адепсиз кыз” фильминен кадр.

Жон Жи Хён үчүн 1997-2005-жылдар аралыгы чыгармачылыгынын жемиштүү мезгили болгон. "Биргеликте бактылуубуз" сериалы, "Көл жээгиндеги үй", "Ромашка" тасмалары жана башка тасма аянтчасында аткарган ролдору көрүүчүлөрдүн да, режиссёрлордун купулуна толуп турган. 2005-жылы актриса Түштүк Кореядагы эң көп киреше тапкан атактуулардын катарына кирип, ал бүгүнкү күндө да бул позициясын бекем сактап келет.

"Көл жээгиндеги үй" тасмасынан кадр.
2006-жылы актриса Голливудга карай багыт алат. Ал "Кан: Акыркы кан соргуч" тасмасында башкы ролду ойногон. Жон Жи Хён аталган анимедеги каарманды жаратуу үчүн кылычташууну үйрөнгөн.

“Кан: Акыркы кан соргуч” тасмасында башкы каарман Жианна Чондун образын жараткан.

2011-жылы "Кар баскан гүл жана сырдуу желпингич" аттуу кытай тасмасында ойноого чакырылган. Аталган тасма актрисанын карьерасында кызыктуу факт менен эсте калган. 1997-жылы дебют жасаган актриса ага дейре эч бир ролунда кайсы бир каарман менен өбүшүп көрө элек болчу. Ошентип, аталган тасмада Жон Жи Хёндун чыгармачылыгындагы өбүшүү боюнча алгачкы өнөктөшү белгилүү актёр Хью Жекман болгон.

Жон Жи Хёндун чыгармачылыгындагы өбүшүү боюнча алгачкы өнөктөшү белгилүү актёр Хью Жекман болгон.

2012-жылы "Уурулар" аттуу Түштүк Кореянын тасмасына тартылган. Аталган фильм корей киносунун тарыхындагы эң көп киреше тапкан тасмалардын арасынан 2-орунду ээлеген. Жон Жи Хён "Ууруларда" көрүүчүлөрдүн жана режиссёрдун түрдүү трюктарды өзү аткаргандыгы менен мактоосуна татыган.

2013-жылы актриса 14 жылдык тыныгуудан кийин чыгармачылыкка кайтып, сериалга тартылууга сунуш алган. Ал актёр Ким Су Хён менен биргеликте "Жылдыздан келген адам" дорамасында башкы каармандардын бирин жараткан. Аталган сериал экөөнүн тең атактуулугун ого бетер арттырган.

2015-жылы актриса кош бойлуу кезинде "Кол салуу" аттуу киного тартылган. Анда көз карандысыздык үчүн күрөшкөн кыймылдын снайперин ойногон.


2016-жылы атактуу корей актёру Ли Мин Хо менен биргеликте фантастикалык "Көк деңиздин уламышы" деген сериалга тартылып, башкы каарман суу перисинин образын жараткан.

“Көк деңиздин уламышы” сериалында суу перисинин образын мыкты деңгээлде аткарган.

Жеке жашоосу
Актриса 2012-жылы банк кызматкерине турмушка чыккан. Эки жаш узак убакыт бою достук мамилесинде сүйлөшүп жүрүшкөн. Учурда 2 уулдун энеси.

Жон Жи Хён 14 жолу жарнамага тартылуу менен 11 миллион 500 миң доллар иштеп тапкан.
Ал актрисалыктан тышкары модель катары да эмгектенет. Түштүк Кореядагы Samsung, Lotte Duty Free сыяктуу белгилүү бренддердин жүзү.
30-октябрдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jonni1982
2018-10-31 02:29:01
Элина Абай кызы мындан коро сулуурак экен.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан