Мьянма бийлиги өлкөгө туристтердин көп келиши үчүн ар бир жамгыр жааган күнү эс алуучуларга бекер сыра же шире таратуу чечимин кабыл алышты. 30-сентябрдан баштап аталган өлкөдө эс алып жүргөн ар бир бойго жеткен турист жамгыр жааган күндөрү 0,6 литр өлчөмүндөгү 2 бөтөлкө сыра же шире ала алышат. Бирок бул үчүн жамгыр 10 мүнөттөн ашык жаашы керек. Муну менен Мьянма бийлиги "Мьянмада күз айларында жамгыр көп жаайт" деген сөздүн айынан өлкөгө туристтердин күзүндө аз келип калышынын алдын алууга боло тургандыгын айтышууда. Туристтер бекер сыраны Баган, Мандалай жана Инле шаарларынын аймагынан ала алышат. Маалыматтар боюнча, Баган шаарында июль айынан сентябрга чейин дээрлик айдын 10 күнү жамгыр менен өтөт. Инле шаарында аталган аралыкта айдын 15 күнү жамгыр менен өтө тургандыгы айтылат.