"Кыз ала качуу маселеси боюнча жыл сайын парламентке маалымат берилип турат" деди акыйкатчы Токон Мамытов Жогорку Кеңештин жыйынында.
Ал ала качуу жолу менен үйлөнгөндөр көйгөйлүү маселе бойдон калганын кошумчалады.
"Жылына өлкөдө 45-50 миңге чейин жаңы үй-бүлө курулат. Анын 20 пайызы кыз ала качуу менен ишке ашат. Ала качуунун 6 пайызы зордуктоо менен коштолот. Бул багытта 2014-2015-жылдары 72 кылмыш иши козголгон. 2017-жылы 7 кылмыш иши иликтенип, 13 иш сотко жиберилген", - деди Мамытов.
Учурда акыйкатчы парламентте баяндама жасоодо.