2016-жылы өз жанын кыюу боюнча 95 факты катталды. Бул тууралуу акыйкатчы Токон Мамытов Жогорку Кеңештин жыйынында баяндама жасап жатып айтты.
Анын айтымында, өз жанын кыйган балдар бир нече себептерден улам бул кадамга барганы аныкталган.
"Өз жанын кыйган 95 баланын 56сы эркек, 39у кыз. Жалпысынан 92 бала жалпы билим берүү мекемесинде окуп жаткан. Ал эми 3 бала колледжде окуп жаткан. Балдардын өз жанын кыюусуна бир нече жагдай себеп болгон. Алар: ата-энеси менен чыр-чатакка баруу, ата-энеси менен бирге жашабай калуу, оорусуна байланыштуу, материалдык жетишсиздик", - деди ал.