Улан Саляновдун өлүмү боюнча отурум соттун ооруп калганына байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылдырылды

Улан Саляновдун өлүмү боюнча соттук отурум белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына маркумдун баласы Акай Салянов билдирди.

Белгилүү болгондой, соттук отурум бүгүн, 24-октябрга белгиленген. Бирок соттун ооруп калганына байланыштуу соттук кароо белгисиз мөөнөткө жылдырылды.

"Бүгүнкү соттук кароого көп адамдар келген экен. Бирок иш каралбай тургандыгы алдын ала айтылган эмес. Соттук кароого 2 саат калганда гана бизге байланышка чыгып, иш бүгүн каралбайт деп билдиришти", - деди маркумдун уулу.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 6-ноябрына караган түнү депутат Аида Салянованын 42 жаштагы иниси Улан Саляновду Бишкекте белгисиз адамдар өз үйүнөн атып кетишкен. Кийин анын өлүмүнө шектелип Бишкек шаарынын 32 жаштагы Э.О. аттуу тургуну кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dembele84
2018-10-24 17:40:15
Эки саат калганда ооруп калыппы срочно?
+1
Baatirbek81
2018-10-24 21:26:56
Кечөө тойго барганго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан