Бишкектеги №66-мектептеги рэкетчилик. 13 жаштагы бала жогорку класстын окуучусуна жол бербей койгондугу үчүн сабалган

Бишкектеги №66-мектептин 13 жаштагы окуучусу жогорку класстын окуучусуна жол бербей койгону үчүн сабалган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.

ШИИББдин башчысы Сталбек Рахмановдун айтымында, милиция мектеп окуучуларынын мушташы боюнча бардык окуучуларды суракка алып, мушташка кимдер катышканын аныктаган.

"Мушташка катышкан балдар бул окуя тууралуу түшүндүрмө жазып беришкен. Алардын айтымында, ортодогу чыр 7-класстын окуучусунун 8-класста окуган балдардын бирин коридордон сүзүп кетип, аны жолдон өткөрбөй койгондугу себеп болгон", - деди Рахманов.

Окуядан кийин окуучулар менен алардын ата-энелери Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө чакырылып, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Шаардык милициясынын башчысынын маалыматына ылайык, жыл башынан бери мектеп окуучуларынын арасында опузалоо боюнча 19 факт катталган. Бирок балдардын жашы жете электигине байланыштуу алар жоопкерчиликке тартылган эмес.

Бишкек мэриясы учурда №66-мектептин директору Минара Якупованы иштен алуу маселеси каралып жатканын кабарлады. Ошондой эле бул окуядан кийин аймактык тескөөчү жана тиешелүү мекемелердин кызматкерлерин жоопко тартуу маселеси каралууда.

Бишкектеги №66 мектептеги рэкетчилик
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
TIMON_BERKOWITZ
2018-10-25 15:01:10
Ким ишенди?)))
Жалганды төккөн мамлекетте окуучулардын шылтоосуна да ишене бериш керекпи эми?:д
0
Baku88
2018-10-25 21:34:29
Жакшы кыласынар директорун иштен алып урган балдарды ата энесин кошуп жазага тартыш керек ошондо бир аз азаят
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан