Интернетте Бишкектеги №66 мектептин окуучуларынын рэкетчилиги аталышындагы видео тарады.
Видеону терезеден тартып алган кыз рэкетчилик болуп жаткан борбордогу №66 мектеп экенин айтып жатканын угууга болот.
Ошондой эле видеодо эки мектеп окуучусу 3 окуучуну уруп жатканын көрүүгө болот.
Бул окуя боюнча азырынча укук коргоо органдары маалымат бере элек.