Жыл башынан бери терс себептер менен 138 кызматкер Ички иштер органдарынын катарынан бошотулуп, 204 милиция кызматкери ээлеген кызмат ордунан четтетилген. Бул тууралуу маалымат ИИМдин 9 айда аткарган ишинин жыйынтыгында айтылды.
Ал эми милиция кызматкерлерине карата жарандар тарабынан 1 миң 857 арыз-даттануу келип түшүп, анын 212си гана далилденген.
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин айтымында, мындай фактыларга жол бербөө үчүн өздүк курамдын ичинде тиешелүү иш-аракеттер жүрүүдө.
"Айрыкча коррупцияга байланышкан кылмыштар менен мыйзам бузуулардын бетин ачуу жана ага байланышкан кызматкерлерди аныктоо аракеттери жүрүп жатат", - деди министр.
Ал эми жарандарды мыйзамсыз кармоо жана уруп-сабап, укуктарды бузууга барган фактылардын бетин ачуу үчүн тиешелүү иш-аракеттер улантылып жатканын кошумчалады.