Боронов: "Быйыл электр энергиясына болгон тариф өзгөрбөйт"

Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров электр энергиясына болгон тарифти өзгөртүү боюнча өкмөттүн позициясына кызыкты. Депутат мындай суроо менен бүгүн, 25-октябрда өкмөттүн күз-кыш жылытуу мезгилине даярдыгын талкуулаган парламент жыйынында айтып чыкты.

“Элдин эң негизги көйгөйлөрүнүн бири - электр энергеясына коюлган тариф. Электр энергиясына болгон баа өзгөрөбү же өзгөрбөйбү?” - деди Сабиров.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов быйылкы жыл боюнча гана жооп берип, 2019-жыл жөнүндө айта алган жок.

“Быйыл электр энергиясына болгон тариф өзгөрбөйт”, - деди Боронов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан