Өлкөдөгү бала бакчалардын тарбиячыларына балдар жана ата-энелер менен иштешүү боюнча окутуулар өткөрүлөт

Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдөгү бала бакчаларга изилдөө жүргүзөт. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, анда балдардын, тарбиячылардын, ата-энелердин башка улуттарга, гендердик маселеге жана башка багыттар боюнча түшүнүктөрү тууралуу сурамжылоо жүргүзүлөт. Мындан тышкары бала бакча тарбиячыларына балдар жана ата-энелер менен туура иштешүү боюнча тренингдер да жүргүзүлөт.

Мындай изилдөө министрлик менен ЮНИСЕФ тарабынан өткөрүлөрү жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан