Футбол аянтында дарбаза басып каза болгон 11 жаштагы баланын өлүмү боюнча кийинки соттук отурум 2-ноябрга белгиленди

Футбол талаасында дарбаза басып калган 11 жаштагы баланын өлүмү боюнча кийинки соттук отурум 2-ноябрга белгиленди.

Бүгүн, 26-октябрда Ленин райондук сотунда дарбаза кулап каза болгон 11 жаштагы Алан Айсаевдин өлүмү боюнча карала турган соттук отурум жылдырылды. Буга сурак бере турган күбөлөрдүн келбей калганы себеп болду. Кийинки отурум 2-ноябрда саат 14:00дө болот.

Эскерте кетсек, 13-июнь күнү Бишкек шаарында футбол талаасында орнотулган дарбаза баланы басып калган. Бала алган жаракаттарынан улам көз жумган.

18-октябрда өткөн соттук отурум учурунда жабырлануучу тараптын жактоочусу айыпталуучу тараптан моралдык жана материалдык чыгым үчүн 3 миллион сом өндүрүп берүүнү суранган. Ал эми мамлекеттик айыптоочу айыпталуучуну Кылмыш-жаза кодексинин 258 (коопсуздук эрежелерине жооп бербеген товар өндүрүү же сатуу, кызмат көрсөтүү) жана 353 (өзүм билемдик) беренелери боюнча жоопко тартууну суранган. Бирок ал күнөөсүн жарым-жартылай моюнуна ала турганын жана 353-берене менен гана макул экендигин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан