Бишкекте 11 жаштагы балага футбол дарбазасы кулап, ал каза болуп калды
Бишкек шаарында футбол дарбазасы 11 жаштагы баланын үстүнө кулап, кырсыктын кесепетинен ал каза болуп калган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Окуя кечээ, 13-июнда Бишкек шаарындагы Пишпек районунда жайгашкан кичи футбол боюнча жеке майдандардын биринде болгон. Анда топ ойноп жаткан 11 жаштагы балага футбол дарбазасы кулап, кырсыктан алган жаракатынан улам ал каза болуп калган. Ал эми балдар оюн талаасына уруксаты жок өз алдынча кирген. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып териштирүү иштерүү жүргүзүлүүдө. Экспертизалардын жыйынтыгы менен окуянын чоо-жайы белгилүү болот", - дейт басма сөз катчы.