Бүгүн парламентте депутат Кожобек Рыспаев мародёрлук фактысын иликтеген депутаттык комиссиянын иштөө мөөнөтүн узартууну сунуштады. Ал мунун себебин кайрадан жаңы видеотасмалардын пайда болушу, бир катар жаңы ысымдардын аталып жатканы менен байланыштырды. Депутат Туратбек Мадылбеков депутаттык комиссиянын иштөө мөөнөтүн узартууга парламент макулдук бериши керектигин белгиледи.