Каржы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын төрагасы Юруслан Тойчубеков декларация тапшырып, анда 2012-жылы негизги иш ордунан 370 990 сом киреше тапканын көрсөттү. Анын кыймылсыз мүлкү 62 чарчы метр аянтты ээлеген батир, унаасы Лексус GX 470 экен. Мындан сырткары Тойчубеков 3 ишкананын кирешелеринин акцияларынын бир бөлүгүнө ээлик кылат. Биринчи ишкананын 45, экинчи ишкананын 70, үчүнчү ишкананын 50 пайыздык акциясынын ээси. Ал эми Тойчубековдун жакындары 169 081 сом киреше тапкандыгы көрсөтүлгөн аталган документте.