Алматыда аял кызынын башындагы битти тазалайм деп жатып өлтүрүп алды

Алматыда аял кыздарынын башындагы биттерди кетирем деп малдагы кенени кетирүүчү каражат менен жууган. Анын кесепетинен 2 жашар кызы чарчап калды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Облустук Саламаттыкты сактоо башкармалыгынын тараткан маалыматына ылайык, окуя Туганбай айылында болгон.

"Айылдын тургуну өзүнүн 5 жана 2 жаштагы кыздарынын башын биттен арылтуу үчүн "неоцидол" каражатын колдонгон. Ал каражат менен сууну аралаштырып кыздарынын башын жууган. Көп өтпөй кыздары өздөрүн жаман сезип, ооздорунан көбүк чыга баштаган. Ооруканага барганда 2 жаштагы кызы чарчап калган. Азыркы тапта 5 жаштагы кыз ооруканада, абалы туруктуу", - деп жазылат маалыматта.

Неоцидол – ветеринардык каражат. Аталган каражат мал жандыктарын котур оорусунан жана бүргөлөрдөн арылтуу үчүн колдонулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Dembele84
2018-11-01 16:19:41
ХХХХХХ эне экен го тооба...
+3
engel
2018-11-01 16:25:27
Адамдардыкы деле бар го неге малдыкын?
+1
ice87
2018-11-01 16:30:15
Чачын кырып эле салбайбы,дарыларды эле
+3
Benazir08
2018-11-01 16:51:07
Ажал да ошого себеп болгон. Ошон учун анононим деп эле кенеш сурагандын пацдасы жок тимеле баары врач баары адвокат бп чыга келишет баламы мынтти ичи ооруду озум ушинттим деп. Анан эле кенештерди 90чыккан кемпирдей смело айтып беребиз.
-2
Nanei
2018-11-01 17:12:47
Казыр бизде деле ветаптекадан бир сассссссык даарыны сатып ичишет ко.атын уеутуп жатам. Бут ооруга даары деп.тиммеле сассык. Маллыкы кантип баардык ооруга даары болмок эле
-4
madina.87
2018-11-01 17:48:06
2 жашар кызын биттеп кеткиче эмне иш менен алек болду экен бул айым.
Тооба кылдым, кудай сактасын ушундай шүмдуктардан
+4
Zamka79
2018-11-01 20:58:30
Бит биттейт кандай болсон дагы
Бирок малга суйкогон даарыны суйкоо бул билбейм тушунбостук
+1
kenje-888
2018-11-02 09:53:34
Дозасын кобуроок кошуп алган го менимче
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан