Индонезияда кулаган учактын кара кутусу табылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 189 адамдын өмүрүн алган учактын "кара кутусу" бүгүн, 1-ноябрда табылды. Суучулдар аны деңиздин 30 метр тереңдигинен таап чыгышкан. "Кара кутуда" жазылып калган маалыматтар болжол менен 20 күндүн ичинде изилденип бүтөт.
Ошондой эле куткаруучулар 30 метр тереңдикте учактын корпусу жана оң канаты жатканын аныкташты. Азыркы учурда учкучтардын кабинасында жайгашкан үн жаздыруучу аппаратты издөө иштери жүрүп жатканы айтылды.
Эскерте кетсек, 29-октябрь күнү Бишкек убактысы боюнча болжол менен саат 05:30 чамасында Жакарта шаарынан Панкалпинанг аралына багыт алган учак Ява деңизине кулаганы кабарланган. Учакта 182 жүргүнчү жана 7 экипаж кызматкери болгону жана алардын арасынан аман калгандар жок экени айтылган.