Индонезиянын учагы 188 жүргүнчүсү менен кырсыкка кабылды

Индонезиянын жүргүнчү ташуучу Боинг 737 учагы кырсыкка кабылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, Lion Air авиакомпаниясынын Жакарта-Панкалпинанг каттамы боюнча сапарга чыккан учак учкандан 13 мүнөт өткөн соң учууну көзөмөлдөөчү радардан көрүнбөй калган. Чет элдик маалымат агенттиктеринин бири индонезиялык куткаруучулар учактын сууга кулаганын тастыктаганын жазышты.

Lion Air компаниясынын башчысы Эдвард Сираит журналисттерге аталган кырсык тууралуу маалымат берүүдөн баш тартып, учурда тактоо иштери жүрүп жатканын гана билдирген.

Айрым маалыматтарга ылайык, Боинг 737 учагында 188 жүргүнчү, анын ичинде 7 экипаждын мүчөлөрү болгон. Ошондой эле Индонезия бийлиги кырсык болгон жерге 3 кеме жана тик учак жибергени, куткаруучулар учактын кайсы аймакка кулаганын аныкташканы айтылып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Mars575
2018-10-29 11:15:51
Аман эсен болшусун, бейкуноо жарандар. Эх Кыргызстандын учактары аман эле болсун!
+5
bars_wire
2018-10-29 11:31:15
ошондо дагы 188 адам жокпу.Тирүү табылып калышсын
+3
Alibi
2018-10-29 12:31:39
Кудай сактайгөр.
+1
Dinar.raiymjan
2018-10-29 20:49:15
Кудай сактасын... Бири да тируу эмескен...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан