ЭЛДИК ВИДЕО: "Даарат кагазына басылган тарых барактары"

"Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Даарат кагазына басылган тарых барактары" аталышындагы видео жүктөлдү.

Аталган видеодо интернет колдонуучу даарат кагазы 5-класстын окуучулары окуган "Кыргыздын жана дүйнөнүн тарыхы" китебинин барактарынан жасалганын айткан.

"Мектептерде окуу китептери жетишпейт, ал үчүн ата-энелер акча төлөйт же сатып беришет. Ал эми биз сатып алган даарат кагазы тарых китебинен жасалганы көрүнүп турат", - деп билдирген окурман.

Видеодо даарат кагазынын бир бети тарых китебинде жазылган Жусуп Баласагын жөнүндөгү баракка окшош экенин жана андагы жазуулар, сүрөттөр да бирдей экенин көрүүгө болот.

Даарат кагазына түшүрүлгөн тарых барактары
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Sharipa-asia
2018-11-01 20:49:41
Ой уяты жоктор десе, китеп жетишпейт деп безилдеп,ата-энелер сатып беребиз,анан булардын кылган иши ушулбу тообо!
+2
Kychtyy
2018-11-01 21:20:49
Буларга не тобо булар макулатураны сатып алышып жасашатда. Буларга сырье болсо болдуда. Мектептеги китептерди окмот ойлошбосо даарат кагазын элден макулатура чогултуп жасап аткандар ойлонмок беле
+2
Flowhive
2018-11-01 22:17:54
Ээ мындай көп болот.портер портер мектеп окуучуларынын китептери даарат кагазы болуп жатканын көрүп жатабыз
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан