Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Монголиянын президентинин инаугурациясына катышты

Бүгүн, 10-июлда тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы менен Улан-Батор шаарында Монголиянын президенти Цахиагийн Элбэгдоржанын салтанаттуу инаугурациясына катышты. Кыргызстандын тышкы иштер министри Монголиянын президенти менен жолугушту. Анда Цахиагийн Элбэгдоржа да Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевге өз кайрылуусун жөнөттү. Монголиянын мамлекет башчысы эки өлкөнүн коңшулаш жана достук мамилеси менен катар эки тараптуу кызматташуунун динамикалык өнүгүп жатканын белгилеп өттү. Эске салсак, Элбэгдоржа 26-июнда шайлоочулардын 50,2 пайыз добушун алуу менен өлкөнүн преизиденти болуп экинчи мөөнөткө шайланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан