Ысык-Көл. "Тоң жаштары ынтымак жана тазалык үчүн" деген ураан менен акция өтөт

Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун Тоң айылына караштуу “Кекилик” эс алуу жайында 12-июль күнү "Тоң жаштары ынтымак жана тазалык үчүн" деген ураан менен акция өткөрөт. Бул тууралуу аталган райондун  акиминин орун басары Тимур Алымбеков кабарлады. Иш-чарага район тургундары жана атайын чакырылган коноктор катышат. Анда футбол, пляждык волейбол жана кыргыз күрөшү сыяктуу спорттук оюндар уюштурулат. Мелдеште мыкты оюн көрсөтүп, жеңишке жетишкен командаларга акчалай сыйлыктар жана кубок ыйгарылат. Андан соң иш-чара түрдүү оюн-зооктор, концерттик программа менен уланат. Иш-чаранын соңунда акциянын катышуучуларына атайын фуршет уюштуруу пландалууда.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан