Бүгүн, 5-ноябрда орусиялык радио жана тележурналист, алып баруучу, коомдук ишмер, саясатта да өзүн сынап келе жаткан Ксения Собчак 37 жашка толду. Ал 1981-жылдын 5-ноябрында Орусиянын Санкт-Петербург шаарында төрөлгөн. Санкт-Петербург шаарынын мурдагы мэри Анатолий Собчактын кызы. Ал эми апасы Людмила Нарусова көрүнүктүү тарыхчы жана Мамлекеттик Думанын депутаты болгон.
Ксения алгач англис тилдүү мектепке кирип, ал жакты ийгиликтүү аяктагандан кийин Герцен атындагы педагогикалык университетти бүткөн. Ал балет, живопись менен алектенген. Ошондой эле 3 тилде эркин сүйлөгөн. 17 жашында Санкт-Петербургдагы университеттин Эл аралык мамилелер факультетине тапшырган. Арадан 2 жыл өткөндөн кийин Москва шаарындагы мамлекеттик эл аралык мамилелер институтуна которулуп, окуусун ошол жактан улантып, магистратураны ийгиликтүү аяктаган.
САЯСАТТА
Ксения Собчак 2010-жылдын март айынан баштап саясатка аралаша баштаган. Ал оппозициялык кеңештин активдүү мүчөсү катары президентке каршы ачык иш-чараларга, чогулуштарга активдүү катышып келет. 2017-жылы Орусиянын RTVI телеканалы Ксения Собчактын президенттик шайлоого талапкерлигин коёрун, бирок ал 2012-жылкы шайлоодогу миллиардер Михаил Прохоровдун ролунда болорун билдирген. Прохоров ошол жылы өткөн шайлоого катышып 7,98 пайыз добушка ээ болгон. Аталган телеканал эгер шайлоого чейинки үгүт иштерин туура жүргүзсө Собчак шайлоочулардын 8-9 пайызынын добушуна ээ болорун айткан. Андан көп өтпөй эле тележурналист шайлоого катышарын жар салган. Ошондой эле журналист көп жылдардан бери саясатта жүргөндөрдүн атын атап, өлкөнү өзгөртүү үчүн эски жүздөрдү жаңы лидерлерге алмаштыруу керек экендигин айткан. Муну менен ал калкты шайлоого кайдыгер карабоого чакырган. Бирок шайлоонун жыйынтыгында ал колдоочулардын 2 пайыз добушуна ээ болгон. Ал эми президенттик тактыга 76,63 пайыз добушу менен кайрадан Владимир Путин келген.2018-жылдын 28-февралында "Россия 1" телеканалында шайлоо алдындагы теледебат маалында орусиялык ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский менен президенттикке талапкер Ксения Собчактын ортосунда президенттикке талапкер Сергей Бабурин сүйлөп жаткан учурда пикир келишпестик жаралган. Алгач Жириновский Бабурин менен айтыша баштаган. Ал учурда Собчак Жириновскийге эскертүү айткан, буга жооп катары Жириновский аны "жинди" жана "сойку" деп атаганга жетишкен. Кийин Собчак Жириновскийдин бетине стакандагы сууну чачып жиберген. Аталган берүү Ыраакы Чыгышка түз эфирде берилип жаткан, окуядан соң эфир токтотулуп бир саатка жылдырылган. Андан көп өтпөй эле 4-мартта Собчакка көчөдөн кол салуу болгонун ал социалдык тармактагы жеке баракчасына жазып чыккан.
"Азыр эле Москванын чок ортосунда, Михаил Горбачёвдун туулган күнүнөн чыгып келе жаткан учурда мага кол салуу болду. Кудай жалгап, ал адам үстүмө суу эле чачты. Мен ал чачкан сууга тайгаланып жыгылып, башым менен бутумду кокустатып алдым. Ал Москванын шаардык Думасынын өкүлү Алексей Шапошниковдун жардамчысы экен. Азыркы учурда бийлик бандиттер менен кылмышкерлерге таянып алган. Оппозиция тарапка карата күч колдонуу кадимки көрүнүш болуп калган. Ал эми полиция кызматкерлерин дем алыш күндөрү чакырсаң 40 мүнөттө араң жетип келет. Ошондуктан эл саясатка аралашкысы келбейт. Бийликке каршы чыгуу - кооптуу, ал эми бийлик менен чогуу болуу - уят. Бирок биз коркпойбуз. Биз бул нерсени өзгөртөбүз. Шапошников сөзсүз түрдө кечирим сурап, андан соң жардамчысын жумуштан алат. Кол салуу аз нерседен башталат, эгер биз муну эмитен токтотпосок, кийин эч качан токтобойт", - деп жазган ал. Ошондой эле суу чачкан адам "Бул Жириновский үчүн" деп айтканын кошумчалаган.
Андан кийин "Россия 1" телеканалынын теледебатында Собчак шайлоочуларга кайрылуу учурунда башка талапкерлер анын сөзүн улам сайын бөлүп жатышканын байкаган.
Мындан улам ал "Булар менин гана сөзүмдү бөлүп жатышат" деп, алып баруучудан убакыт талап кылган. Андан соң дагы бир атаандашы Владимир Жириновский ага сөз бербегени аз келгенсип, дайыма басынта турганын билдирип, мындайга жол берип жатканы үчүн алып баруучуну айыптаган. Дал ушул учурда Жириновский Собчакка карап, "Бул кызды бала бакчага алып барып койгула. Балким, ошол жактан акылына келет", - деп кыйкырган.
Жеке жашоосу
Ксения Собчак коомчулукка жеке жашоосу тууралуу көп айта берүүнү жактырбайт. Ошондой болсо да анын бир катар шоу-бизнес өкүлдөрү менен болгон ынак мамилеси эл арасында байма-бай айтылып жүрөт.
5-ноябрдын жылнаамасы.