Монголиянын президенти Цахиагийн Элбэгдоржа Кыргызстанда өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттердин саммитине катышат. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен Монголиянын тышкы иштер министри Лувсанвандангийн Болддун жолугушуусу учурунда белгилүү болгонун ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Ошондой эле Монголиянын тышкы иштер министри келерки жылы Монголиянын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн ачуу пландалып жатканын айтты. Эске сала кетсек, Шанхай кызматташтык уюмунун жыйыны 13-сентябрда Бишкекте болот.