ЭЛДИК КАБАР: "Нарындагы Туз-Бел ашуусунда жол тайгак болуп 70тей оор жүк ташуучу унаа ашуудан өтө албай калды"

Бишкек-Нарын-Торугарт жолу тайгак болуп 70тей оор жүк ташуучу унаа Нарындагы Туз-Бел ашуусунан өтө албай калды. Бул тууралуу окурман SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу кабарлады. Анын айтымында, жолду тазалоо үчүн туз же кум даярдалган эмес.

"Бүт баары оор жүк ташыган унаалар. Айдоочулары эки күндөн бери унааларын токтотуп коюп отурушат. Тийиштүү кызмат убагында муз-карды эриткенге бир нерсе даярдап коюшу керек эле да", - деп нааразычылыгын айтты.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан