Бүгүн, 6-ноябрда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алина Жетигенова 54 жашка толду. Үй-бүлөдө сүйүктүү жар, мээримдүү эне, сахнанын ажарлуу айымын туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкканыбызда, SUPER.KG порталына ыраазычылыгын билдирип, бүгүнкү күнгө койгон пландары менен бөлүштү.
"Туулган күнүм 5-ноябрдан 6-ноябрга караган түнү сааттын жебеси 12ни какканда эле башталган. Неберелерим, балдарым, жакын адамдарым ар кандай күтүүсүз белектерди тартуулап маанайымды көтөрүштү. Азыркы учурга чейин куттуктоолордун аягы суюла элек. Учурда үйдө үй-бүлөм менен бирге майрамдап жатабыз. Ал эми кечинде келе турган коноктордун саны көп болгондугуна байланыштуу шаардагы эс алуучу жайлардын бирине барып туулган күндү улантабыз", - дейт Алина Жетигенова.
Ырчынын "Супер-Инфо" гезитине берген маегинен үзүндүлөр:
Алина Жетигенова Таластын Арал айылында 1964-жылы 6-ноябрда төрөлгөн. Мектепти аяктаган соң филармониянын алдындагы эстрадалык студияга кирген. Окуп жүргөндө Асылбек Рысалиевдин "Жетиген" тобунда ырчы болуп, "Бозойго" аттуу ыры менен Алина деген аты эл оозуна алынган. Окууну аяктагандан кийин филармониядагы "Ариет", "Таазим" музыкалык топторуна кирген. Ал убакта ырчынын "Дасторкон", "Апама кат" деген ырлары хит болгон.
Алина Жетигенова "Кыздын сыры", "Арген", "Ал мен эмес", "Жаз" аттуу ырлары менен элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан.
6-ноябрга карата жылнаама.