Ысык-Көл ОИИБи 22-октябрь күнү айыл четиндеги даракка асынып каза болгон тургундун жазган арызын жана аудиосун жарыялады.
"Каза болгон жарандын атасы уулунун өлүмүнө милиция кызматкерлери себепкер экенин айтып жаткандыктан, биз шектүү жарандын күнөөнү моюнуна алгандагы жазылып калган аудиосун жана арызын жарыялоону туура көрдүк" деп айтылат облустук милициянын маалыматында.
Учурда бул окуя боюнча Ак-Суу райондук прокуратурасы териштирүү иштерин жүргүзүүдө.
Эске салсак, Ысык-Көл облусундагы Бөрү-Баш айылынын 18 жаштагы Эрмек Касымов аттуу тургуну 22-октябрь күнү айыл четиндеги даракка асынып каза болгон.